Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:52

Митингге чыккан айдоочулар Убактылуу өкмөткө бир ай убакыт берди


“Азаттыктын” кабарчысынын айтымында, Жогорку Кеңештин алдына митингге чыккан жүк ташуучу автоунаалардын 200гө чукул айдоочулары Кыргызстандын бажы кызматы жана Транспорт министрлигинин өкүлдөрү менен жолугушту. Алар Убактылуу өкмөткө өз талаптарын аткарып берүүгө бир ай убакыт беришти.

Чогулгандар Кара-Көл, Сосновкадагы алынып салынган таразалардын кайра коюлуусуна каршы чыгып, кытайлык жүк ташуучу унаалардын Кыргызстанга киргизилишине нааразы болуп жатышат.

Айдоочулардын бири Малик Жунушалиевдин “Азаттыкка” ырысташынча, май айынын орто ченинде жүк ташуучу авто унаалардын айдоочулары митингге чыгып, Кара-Көл, Сосновкадагы таразаларды алып салышкан. Алар Убактылуу өкмөт жетекчиси, Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева таразаларды кайра коюу боюнча декретке кол койду деген маалыматтан улам митингге чыгышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG