Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:30

Ысык-Көл облус бийлиги “Кумтөр” компаниясы менен жаңы макулдашууга кол коймой болду


Ысык-Көл губернаторунун милдетин аткаруучу М.Асанакунов Жети-Өгүз , Тоң жана Балыкчы шаарынын башчылары жана ”Кумтөр” ишканасынын президенти Роберт Вандер менен жолугушту. Сүйлөшүү учурунда Ысык-Көлдү өнүктүрүү фондусуна мурдагыдай кирешеден эмес, ички дүң продукциядан 1 пайыз бөлүнөөрү дайын болду. Эми облус бийлиги бул жаңы келишим боюнча каражатты сарптоо үчүн канадалык алтын өндүрүүчүлөрдүн 50 пайыз макулдугун алыш керек.
Губернатордун басма сөз катчысы Аман Жанузаковдун маалымдоосунда, жаңы келишимди тараптар бир апта талкууга алып, ага жакында кол коюлат.

Кумтөр кениндеги бул жыйынга жергиликтүү тургундардан 2 өкүл катышты.Алар жумушсуздукту айтканда “Кумтөр” жетекчиси Барскоондогу оорукананы жабдылоо, Кичи, Чоң-Жаргылчак айылдарына таза суу киргизүү үчүн 300 миң доллар бөлгөнүн жана жакында 100 айдоочу жумушка тартылаарын убада кылды. (RB)

XS
SM
MD
LG