Расмий бийлик өкүлдөрү Пакистандагы Сват өрөөнүндө жирга уруусунун аксакалдары козголоңчу деп шектелген 25 кишинин үй бүлөсүн үйлөрүнөн кууп чыкканын кабарлашты. Жергиликтүү аксакалдар согушкерлерге 20-майга дейре багынып берүүнү талап кылышкан, ал талап аткарылбаган соң шектүү козголоңчулардын 100дөн ашуун жакыны үйүнөн куулуп чыкты. Алар азыр Ооганстандагы качкындар лагеринде башпааналап жатышат.