Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:58

Нарын облустук телекомпаниясынын ишмердиги текшерилүүдө


Облустук телерадио компаниянын кызматкерлери облустук бийликке, мамлекеттик органдарга арыз менен кайрылышып, эмгек акы төлөөдөгү көп каталыктарды четтетүүгө чара көрүүнү суранышкан. Алардын арызына караганда, 20-30 жыл иштеген журналисттердин айлыгы 2500 сомдон 3000 сомго чейин болсо, келип кетти болуп иштегендер 1,5 ставка штатты ээлеп, айлыкты чыгармачылык топтон көп алышат. Командировкага баргандарга акча төлөнбөйт, коммерциялык каналдын каражаттары кайда экени белгисиз. Компанияда учурда 26 адам иштегени менен штаттык бирдик 31 адам.

Облусттук прокуратура менен эмгек инспекциясы арызда көрсөтүлгөн фактылар боюнча текшерүү жүргүзүп, бирок жыйынтыгын чыгара элек. Облустук теле-радиокомпаниянын жетекчиси Бейшенбек Калыков коюлган айыптарды четке кагып, студия жоктугуна карабай иш жүрүп, алгачкылардан болуп Интернет киргизилип, радио жамааты компьютерлештирилгендигин айтып, бюджет боюнча маселени ар кайсы мамлекеттик органдар карап бүтпөй келатканын билдирди

XS
SM
MD
LG