Баш прокурордун милдетин аткаруучу Байтемир Ибраев Бишкектен атайын тергеп-иликтөө тобу менен экс-президент Курманбек Бакиевге жана анын жакындарына, санаалаштарына таандык көл жээгиндеги мүлктөрдү текшерүүнү баштады. Маалыматка караганда бул тергеп-иликтөө 1-2 айга чейин созулушу күтүлүүдө Мурдагы бийликтегилер мыйзамды бузуу жолу менен көл жээгиндеги жер участокторуна ээлик кылып, эс алуу жайларын менчиктештирип алышканы айтылууда. Бул тууралуу Ысык-Көлдөгү кабарчыбыз Рита Нурманбет кызы билдирди. (AJ)