Бул маалыматты 17-апрелде Убактылуу өкмөттүн токтому менен Кызыл-Кыя шаарынын мэрлигине дайындалган Элмира Арапова “Азаттыкка” өзү тастыктады. Анын айтымында, мурдагы мэр Калмырзаев Хабибулла ага бир топ аялдарды, туугандарын каршы чыгарып ордун бошотпой жатат. “Үч күндөн бери кызмат ордума кире албай жатам. Менин да тарапкерлерим, жактоочуларым бар. Бирок биз маселени тынчтык жолу менен чечели деп жатабыз” дейт Э.Арапова. Ал мурдагы мэр Х.Калмурзаев сүйлөшүүгө келбей жатканын билдирди.
Ал эми Кызыл-Кыя шаарынын тургуну, Х.Калмурзаевдин карындашы Талила Кулматова “Азаттык” менен байланышып, шаардын 100% тургундары, жаштар, студенттер Калмурзаевди колдоп жаткандыгын билдирди. Шаардын айрым тургундары да анын бир топ жакшы иштерди жасаганын белгилешүүдө. Х.Калмурзаев Бакиевдин убагында көпчүлүктүн суроосу менен мэрдин милдетин аткаруучу болуп 1,5 ай мурда дайындалган. (КЕ)