Кайрылууда Жогорку Кеңеш тарабынан 1993-жылдын 7-майында кабыл алынган “Аскер кызматкерлерин пенсия менен камсыз кылуу” жөнүндөгү мыйзамы аткарылбай келгендиги жазылган. Нарын шаарынын борбордук аянтына чыккан жоон топтун ичинен милициянын ардагери Асанбек Акматов 1996-жылдын 1-январынан бери мыйзам ченеминде азык-түлүк үлүштөрү үчүн акча каражатты төлөөгө сот чечими чыккандыгына карабастан, ал акча төлөнбөй жаткандыгын белгилеп, бир айлык мөөнөттө аласалары колго тийбесе, нааразылык акциясына чыга тургандыктарын билдирди. Анын айтымында, өлкө боюнча 16 миң күч органдарынын ардагерлери үчүн мамлекет 650 миллион сом бересе болууда. Кайрылууга 44 ардагер кол койду. (KUs)