Ак үйдүн алдында 7-апрелде атылган октон 78 адам каза таап, 1500 ашууну жаракат алган. Буга байланыштуу 9-10-апрель Кыргызстанда аза күтүү күнү катары маркумдар эскерилүүдө. Бир катар коомдук уюмдар, бирикмелер, партиялар буга байланыштуу эл эркиндиги үчүн курман болгондордун үй-бүлөсүнө, туугандарына, жакындарына көңүл айтышууда.
“Азаттык” үналгысы аркылуу “Бишкек ишкерлер клубунун” жетекчиси Улук Кыдырбаев, “Жаш ишкерлер ассоциациясынын” жетекчиси Руслан Акматов, “Элим барсыңбы” коомдук корунун директору Майрамбек Жумалиев, “Кыргыз концепт” компаниясынын президенти Эмил Үмөталиев, “Ыйык Ата-Журт” жаштар корунун директору Эрлан Эсенканов, “Ак шумкар”, “Ата мекен”, “Социал демократтар”, “Жашылдар”, “ЭрК”, “Замандаш” партиялары жогорудагыдай көңүл айтууларын жолдошот. (IJz)