Жаштардын “Ак шумкар кут” кыймылы 7-апрелде октон учуп каза болгондорду эскерип, аза күтүү расмисине даярдык көрүүдө. Учурда аталган кыймылдын өкүлдөрү Мамлекеттик тарых музейинин алдына боз үй тигип жатышат. Бул тууралуу “Азаттыктын” кабарчысы билдирди. Ушул тапта 68 адамдын каза болгону, 400гө чукул адам жараат алганы айтылууда. (КЕ)