Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:14

Генерал Исмаил Исаков бошоп чыкты


Бириккен элдик кыймылдын саясий кеңешинин мүчөсү Азимбек Бекназаров баштаган адамдар түрмөдө жаткан генерал Исмаил Исаковду бошотуп келишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” А.Бекназаров билдирди. И.Исаков Бишкектин чет жакасындагы Жаңы-Жерде жайгашкан күчөтүлгөн режимдеги түрмөдө жаткан эле.

Генерал Исмаил Исаков коргоо министри болуп турганда кызматынан пайдаланган, уулуна министрликтин карамагындагы батирди берген делип айыпталып, ушул жылдын январында сегиз жылга эркинен ажыратылган болчу. Бүгүн Бишкектеги окуяларды улай Элдик курултайдын аткаруу комитети бир катар чечимдерди, анын ичинде саясий негизде камакта жаткандарды бошотуу боюнча чечим кабыл алган болчу. А.Бекназаровдун айтымында, Жаңы-Жердеги түрмө жетекчилери генералды тынч гана бошотуп беришти.

XS
SM
MD
LG