Түркия президенти Абдулла Гүл Исламабадда Пакистан мамлекет башчысы Асиф Али Зардари менен кездешти. Түркия Пакистандын “тынчтык жана стабилдүүлүктү сактап калуу, терроризм, экстремисттик кыймылдарга каршы күрөшүү аракеттерин колдойт,” - деди Гүл. Түркия Ооганстанга 1 миң 700дөй жоокерин жөнөткөн. Алар негизинен ооган армиясын машыктыруу жана кайра куруу иштерине тартылган. 4 күндүк сапарында Гүлдү депутаттар, өкмөттүн расмий адамдары жана ишкерлердин жоон тобу коштоп жүрүшөт.