Орусия маңзаттарга каршы атайын адистерди машыктыруу, аскерий тикучак менен камсыздоо жагынан Ооганстандагы согуштук аракеттерге чоң салым кошо алмак, деп билдирди НАТОнун басма сөз өкүлү шаршембиде. Анын алдында Брюсселде НАТО-Орусия Кеңешинин кезектеги отуруму болгон, ага Москвадан маңзаттарды көзөмөлдөө агенттигинин башчысы Виктор Иванов катышып, Ооганстандан баш алган апийим, героин Борбор Азия менен Орусиядагы коопсуздукка коркунуч келтирип жатканына басым жасады.