Ынтымак курултайынын бүгүнкү жыйынында 20 делегат сөз сүйлөдү. Курултайды уюштуруу комитетинен кабарлашкандай, курултайга Жогорку Кеңештин депутаттары, премьер-министр Данияр Үсөнөв башында турган министрлер, президенттин катчылыгынан, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты. Ынытмак курултай эртең, 24-мартта өз ишин улантат. (КЕ)