Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:41

“Кыргыз эл биримдиги” жыйын өткөрүүдө


“Кыргыз эл биримдиги” коомдук бирикмесинен Ынтымак курултайына чакырылган делегаттары курултайдын күн тартибин, каралчу маселелерин талкулоо максатында жыйын өткөрүүдө. Мурдагы мамлекеттик катчы, коомдук ишмер Дастан Сарыгуловдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча, алардын курултайда каралсын деген сунуш-талаптарына алигүнчө жооп келе элек. “Курултайда карала турган маселелерди салтка ылайык алдын ала айтып койсо жакшы болмок. Алигиче курултайдын күн тартибине кайсы маселелер коюлары белгисиз”, - дейт Д.Сарыгулов.

“Кыргыз эл биримдиги” саясий куугунтуктарды токтотуу, конституциялык өзгөрүүлөр мыйзамын чакыртып алуу, арзанбаа сатылган стратегиялык объекттерди мамлекетке кайтарып алуу, Алай, Нарын элининин талаптарын калыс карап, чечүү маселелери оңуна чечилишин талап кылышкан. Чакырылган делегаттар бул сунуштар аткарылбаса курултайга катышпоо чечимин да чыгарышы ыктымал. (КЕ)

XS
SM
MD
LG