Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Чүйдө үшүк жүрүшү күтүлүүдө


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча 21-22-мартта Чүйдө абанын температурасы 5 градуска чейин төмөндөшү күтүлүүдө. Бул өзгөчө жаңыдан бүчүр ачып келе жаткан бак-дарактарга өзгөчө зыянын тийгизет. Ал эми түштүктө сел жүрүү коркунучтары күтүлүп жатканы айтылууда. 18-марттан 22-мартка чейин Баткен, Жалал-Абат жана Ош облустарында нөшөрлөгөн жаандан дарыялардагы суулардын кескин көтөрүлүшү мүмкүн. Ал эми тоолуу аймактарда кар көчкү жүрүшү ыктымал деп маалымдайт министрлик.(ZKo)

XS
SM
MD
LG