Бул тууралуу Өнүктүрүү фондунун байкоочулар кеңешинин төрагасы Мелис Эшимканов бүгүн “Азаттыка” билдирди. Анын айтымында, ал Ынтымак курултайынын делегаты катары Элдик курултайда каралган тарифтерди төмөндөтүү, “Кыргызтелеком” жана “Түндүкэлектрону” кайтаруу боюнча маселени колдойт. Ал маселелерди Ынтымак курултайына алып чыгууга аракеттенет жана бул маселелерге карата мамлекет башчысы да өз пикирин айтууга тийиш эсептейт. (AiT)