Бул маселе өкмөт президиумунун бүгүнкү жыйынында каралды. Анда премьер-министр Д. Үсөнов кыргыз өкмөтүнүн Кыргызстандын Бирдиктүү бажы союзуна кирүү мүмкүнчүлүгүн иликтеген жумушчу тобунун ишин тездетүүнү экономиканы тескөө министри Жеңишбек Байгуттиевге тапшырды.
Бирдиктүү бажы союзуна Орусия, Беларусия жана Казакстан кирген. Орус президенти Д. Медведев буга чейин аталган союзга Кыргызстан менен Тажикстандын кирер-кирбеси белгисиздигин билдирген эле.(ZKo)
Бирдиктүү бажы союзуна Орусия, Беларусия жана Казакстан кирген. Орус президенти Д. Медведев буга чейин аталган союзга Кыргызстан менен Тажикстандын кирер-кирбеси белгисиздигин билдирген эле.(ZKo)