Мындай жарлыкка бүгүн президент Курманбек Бакиев кол койду. Жарлыкка ылайык Кыргызстандын Беларус республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргызстандын КМШ өлкөлөрүнүн уставдык органдарындагы туруктуу ыйгарым укуктуу өкүлү Ишенгүл Болжурова – эки ишти айкалыштыруу боюнча Беларусь Республикасынын Минск шаарындагы резиденциясы менен Кыргыз Республикасынын Латыш Республикасындагы жана Литва Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси болуп дайындалды. (КЕ)