Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:47

АКШнын атайын өкүлү Борбор Азия боюнча сапарын аяктады


Ооганстан жана Пакистан боюнча атайын өкүл Ричард Холбрук Борбор Азия боюнча сапарын кечээ Казакстанда аяктаган соң Грузияга барды. Холбруктун сөзүндө караганда, анын Борбор Азия боюнча ыкчам саякатынын биринчи максаты – аймактын Ооганстан боюнча тынчызданууларына көңүл буруу болду. Бирок сүйлөшүүлөрдө башка маселелер да көтөрүлгөн. Душанбедеги сүйлөшүүлөрдө, Холбруктун айтымында, тажик бийликтери энергия жана суу пайдалануу маселесине да көңүл бурушту. Ал эми казак тышкы иштер министри Канат Саудабаев кечээги жолугушуу учурунда Казакстан 2001 –жылдын 11 - сентябрынан бери такай АКШнын бекем жана стратегиялык өнөктөшү болуп келгенин белгиледи.

XS
SM
MD
LG