Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:09

Жалал-Абат, Ош облустарына газ мурдагыдан эки эсе аз бериле баштады


10-февралдан тартып Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө көгүлтүр от берүүнү 50% кыскартты. Энергетика министринин орун басары Кубанычбек Жусупов Өзбекстан буга газ үчүн төлөнбөй келе жаткан карызды себеп кылып атканын парламентте билдирген.
Мурда кабарлангандай Кыргызстан Өзбекстанга көгүлтүр от үчүн 4,5 млн. карыз. Анын ичинде Бишкек 141 млн. сом, Ош 68 млн. сом, Жалал-Абад – 59 млн. сом, Чүй -49 млн. сом, Баткен облусу 41 млн. сом карыз. Пайдаланган көгүлтүр от үчүн акча төлөбөгөндөрдүн көпчүлүгү карапайым адамдар, ошондой эле Бишкек-ТЭЦ, Майлы-Суу шам заводу жана башка бир катар ишканалар бар. “Кыргызгаз” ишканасы Өзбекстанга карыз толук төлөнүп бүткөндө гана газ берүү калыбына келтирилерин маалымдоодо.
Өткөн жумада Өзбекстан Кыргызстандын түштүгүнө газ берүүнү токтоткон эле.(ZKo)

XS
SM
MD
LG