Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:36

“Жарандар коррупцияга каршы”: Курултай - элди эптеп алаксытуу


“Жарандар коррупцияга каршы” коомдук уюму учурда даярдалып жаткан Ынтымак курултайы күн өткөн сайын начарлап бараткан адам укуктарына жана бир мамлекеттик стратегиялык ишканаларды ууч аткаминерлердин ич ара менчиктеп алып жатышына байланыштуу кырдаалдан элдин көңүлүн утурумдук алаксытуу деп эсептейт. “Курултай тууралуу айтылган 1-күндөн тартып эле аны уюштуруу, өткөрүү тартиби бийлик башындагылардын колунда, ал эми курултайга катышуучу делегаттар жалаң чиновниктер менен депутаттар тарабынан дайындалууда,” деп айтылып, бир катар шарттар коюлган. Алардын ичинде адам укуктарына байланышкан мыйзамдарды Башмыйзамга ылайыктап калыбына келтирүү, саясий камакка алынгандарды боштондукка чыгаруу, Курултайга байланыштуу иштердин баары ачык болуусу жана башка талаптар бар. Булар аткарылганда гана элдин бийликке ишеними кайтат, өлкөнү сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк ачылат, деп белгилейт “Жарандар коррупцияга каршы” коомдук уюму.
Ынтымак курултайынын уюштуруучулары бул иш-чара тууралуу бардык маалыматтар ачык жүргүзүлүп жаткандыгын айтып келишет.(ZKo)

XS
SM
MD
LG