Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:01

Республикалык Аскер соту И. Исаковдун ишин карайт


10-февралда аталган сот И. Исаковго байланыштуу Бишкек аскердик гарнизондук соту чыгарган чечимди жокко чыгаруу тууралуу анын адвокатынын өтүнүчүн карайт. Бул тууралуу генерал Исаковдун адвокаты А. Бекназаров “Азаттыкка” билдирди. 11-январда Бишкек аскердик гарнизондук соту мурдагы коргоо министри И. Исаковду министрликке тиешелүү батирди 8 жылдан бери аскер офицери болуп иштеген уулуна берип койгон деген айып менен генерал-лейтенанттык чининен ажыратып, 8 жылга кескен. Сотто ал батирдин И. Исаков министр болуп турган тушта эле кайра мамлекетке кайтарылганы эске алынган эмес. Генерал И. Исаков ушул тапта УККнын убактылуу абагында жатат.
Мурдагы коргоо министри, Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы И. Исаковго 2008-жылы декабрь айында Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши ал президент К. Бакиевдин башкаруу саясаты менен макул эместигин билдирип, кызматынан өз эрки менен баш тарткандан кийин козголгон.(ZKo)

XS
SM
MD
LG