“Азаттыктын” кабарчысынын маалыматына караганда Алай районунун Сопу-Коргон айылындагы менчик үйдө Исмаил Исаковдун боштондондугун талап кылган митинг башталды. Ага 150 чамалаш жөө адамдар жана 20дай атчандар катышууда. Алар бийликке бир талапты – Исмаил Исаковду актоону коюп атышат. Акцияга жергиликтүү милициянын чакан тобу көзөмөл жүргүзүүдө. Буга чейин жергиликтүү алты штабдын митинг өткөрүү тууралуу кайрылууларына айыл өкмөттөрү макулдук беришкен эмес. (BuS)