Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:41

А.Бекназаров: И.Исаковго бир нерсе болсо бийлик жооп берет


И.Исаковдун жактоочусу А.Бекназаров И.Исаковдун саламаттыгы боюнча билдирүү жасады.
А.Бекназаров "Азаттыкка" билдиргенине караганда, ал бүгүн генералды колдоп ачкачылык жарыялап отургандарга барганда, алар "бизде ушундай сөз болуп жатат, И.Исаковду эси ооп жыгылып (приступ), тез жардам келиптир",-деген тынчсыздануусун билдирген.
Анан мен аларга айттым,"мурда күнү кечинде И.Исаковго барып жолугушканда анын ден-соолугу абдан жакшы болчу. Бирок ал айтты, "бөлмөмдө кандайдыр бир жыт пайда болуп жатат. Баягы 2003-жылы дагы ушундай жыт болуп, сенин дагы, менин дагы бөлмөлөрүбүздөн тыңшагычтар (жучоктор) чыкпады беле, ошондой болуп жатат", деди. Мен ага кеңеш бердим "Убактылуу кармоочу жайдын жетекчисин чакыртып алып текшертиңиз",- деп.
А.Бекназаровдун айтымында, генерал камалганга чейин физикалык жана моралдык жактан саламаттыгы бекем болгон.

"Ошондуктан мен билдирүү берип коеюн дедим. Эгерде И.Исаков камакта жатып ден-соолугу же ага башка бир нерсе болсо азыркы бийлик керт башы менен жооп берет”,-деди Бекназаров.

Ал эми Жазык аткаруу башкармалыгынын жетекчиси Айбек Турганбаев болсо Азимбек Бекназаровдун айткандарын төгүнгө чыгарып, бул алардын коомчулуктун көңүлүн алагды кылууга кылган иш аракети катары бааларын белгиледи.
Бул маселе боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтан азырынча жооп ала элекбиз. (AJ)

XS
SM
MD
LG