Бул тууралуу чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбеков билдирди. Анын айтымында, ок жаңылып, Өзбекстанга алып кетилген чек арачыны Кыргызстанга алып келүү боюнча иштер учурда жүргүзүлүп жатат. 17-январда Ноокен районундагы Чек айылында кыргыз-өзбек чек арачыларынын ортосундагы чыр-чатакта кыргызстандык бир чек арачынын бутуна ок жаңылган. Жарадар жоокерди өзбек тарап өз аймагына алып кеткен.(AiT)