Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:02

Жогорку сотто укук коргоочулардын арызы каралууда


2009-жылы июлда Ирандагы президенттик шайлоодон кийин нааразылык билдирип чыккан иран жарандарына жасалган кысымга каршы тилектештик билдирип, пикетке чыгышкан укук коргоочуларга Биринчи Май райондук соту ар бирине 500 сомдон 2000 сомго чейин айыппул салган эле. Райондук соттун чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган. “Жарандар коррупцияга каршы” коомдук уюму бул боюнча Жогорку сотко кайрылганы белгилүү. Ушул тапта Жогорку сотто Эркингүл. Иманкожоева, Динана Макенбаева, Аида Байжуманова, жана Төлөйкан Исмаилованын доо арызы каралууда. Ал эми Тимур. Шайхутдинов менен Азиза Абдурасулованын иши башка күнү каралат. Бул тууралуу “Жарандар коррупцияга каршы” коомдук уюмунан “Азаттыкка” кабарлашты.(ZKo)

XS
SM
MD
LG