Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Ооган парламенти өкмөттүн курамын бекитпей жатып, кышкы каникулга тарайт


Бул тууралуу бүгүн парламенттин расмий өкүлү Хасеб Нури билдирди. Анын айтымында, парламент эртең каникулга тарамакчы. Парламент эми президент Хамид Карзайдын келерки сунушун 20-февралдан кийин гана карай алат. Кечээ ооган парламенти президент Хамид Карзай жаңы өкмөткө сунуш кылган 17 адамдын жетөөн гана жактырган.

Карзай парламентке жаңы өкмөттүн курамын эки ирет сунуш кылган. Экөөндө тең депутаттар өкмөткө сунуш этилгендердин көпчүлүгүн жактырбай коюшту. Бирок эки жолку тандоону кошкондо, азырынча 24 министрдин 14ү бекиди десе болот. Алардын арасында негизги – ички, тышкы, коргоо, юстиция, каржы, дин иштери боюнча министрлер – бар. Президент эми калган министрликтердин башчылыктарына үчүнчү ирет сунушун киргизиши керек.

XS
SM
MD
LG