Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:50

Өлкө түштүгүндө Өзбекстандын телекөрсөтүүлөрүнүн таасири күч


«Ата Мекен» партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Төлөгөн Келдибаев «Азаттыкка» кабарлашынча, алар өз демилгеси менен жергиликтүү калк арасында сурамжылоо жүргүзүшкөн. Анын жыйынтыгы айгинелегендей, суроолого жооп кайтарган Баткен, Жалал-Абат жана Ош облустарынын тургундарынын 40 пайызы аймакта УТРК жана ЭлТР тартпагындыктан Өзбекстандын телеканалдарын аргасыздан көрүшөөрүн, ал эми 57 пайыздан ашыгы коңшу өлкөнүн теле каражаттарынын көрсөтүүлөрү мазмундуулугун белгилешкен.

Мындан бир аз мурда маданият агенттигинин маалымат саясаты башкармалыгынын жетекчиси Мелис Айдаркулов Бишкектеги медиа жыйында түштүктөгү 70 чакты айылга УТРК жана ЭлТРдин телерадио программалары жетпей жаткандыгын, мунун айынан Өзбекстандын телерадио берүүлөрү үстөмдүк кылып келаткандыгын тынчсыздануу менен белгилеген эле. (ATo)

XS
SM
MD
LG