Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:26

Министр Конгантиев журналисттерге байланышкан кылмыштарга кайрылды


Бүгүн парламенттин сессиясында ИИМ Конгантиев журналисттер кабылган кырсыктарды алардын ишмердүүлүгүнө байланыштырган жок. Ар бир кылмышты териштирбей туруп эле бийликке оодаруу өнөкөткө айланды деп эсептеген министр журналисттер менен бардык башка жарандардын укуктарына бирдей кароого чакырды. Конгантиевдин айтымында акыркы жылдары журналисттерге байланыштуу жыйырмадан ашуун кылмыш иши катталып, алардын сегизи ачылды. Ачылган кылмыштардын катарында министр Конгантиев атып өлтүрүлгөн Алишер Саипов менен милициянын токмогунан өлгөн Алмаз Ташиевге байланышкан кылмыштарды атады. Министр ошондой эле бардык учурда жасалган оор кылмыштарды ачууну президент өз көзөмөлүнө алат деп билдирди.

Мындай билдирүүнү министр Конгантиев СДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкинага жооп иретинде жасады. Депутат Карамушкина 26-декабрдагы парламент сессиясында журналисттердин коопсуздугуна тынчсызданып, алардын сабалышына, өлүмүнө бийлик маани бербей жатат, бир да кылмыш ачылган жок деп билдирди. Депутат мыкаачылык менен өлтүрүлгөн Геннадий Павлюкка байланыштуу Кыргызстанда кылмыш ишин ачууну, журналисттер коопсуздугу боюнча парламенттик угуу өткөрүүнү сунуш кылды. Павлюк боюнча Алматыда кылмыш иши козголгондугу мурда маалымдалган.

Журналисттин өлүмүнө байланыштуу таратылган кайрылууларда белгиленгенге караганда 2005-жылдан бери Кыргызстанда 60 чамалаш журналист токмоктолуп, үч журналист өлүмгө кабылды. (BuS)

XS
SM
MD
LG