Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:29

АКШ Сенаты Обама күткөн мыйзамды бекитти


АКШ Конгрессинин жыйындар залы. Жалпы көрүнүш.
АКШ Конгрессинин жыйындар залы. Жалпы көрүнүш.

АКШ Конгрессинин Сенаты саламаттык сактоо тармагын реформалоо боюнча мыйзам долбоорун бекитти. Ноябрда Өкүлдөр палатасы өз вариантын кабыл алган.

Мыйзам болочокто азыр өмүрү камсыздалбаган 31 миллион америкалыкка өмүрүн камсыздоого мүмкүнчүлүк берет. Мурда Өкүлдөр палатасы мыйзамдын өз вариантын кабыл алган. Эми береги мыйзамдар өз ара чабыштырылып, жыйынтыктоочу документ Конгресстин эки палатасынын макулдугу менен бекитилүүгө тийиш. Ошондон кийин гана финалдык вариант президент Обамага кол койууга жөнөтүлөт.

Сенаттагы 24 күндүк марафон Обаманын жеңиши менен аяктады

24 күнгө созулган марафондук талкуудан кийин, 24-декабрда эртең мененки саат 7-де Сенат АКШнын саламаттыкты сактоо системасын реформалоо жөнүндөгү мыйзам долбооруну бекитти. Мыйзамды өткөрүү үчүн Сенатта көпчүлүктү түзгөн 58 демократка көзкарандысыз 2 сенатор жардамга келди. Республикачыл 39 сенатор каршы добуш берди.
Президент Барак Обама демократ-сентаторлор менен кездешкенден кийин билдирүү жасоодо. Вашингтон, 15-декабрь 2009


Маанилүү документти кабыл алууга катышуу үчүн президент Обама да Жаңы жыл алдындагы Христмас майрамында иштеген сенаторлор сыяктуу эле майрамдык дем алышын садага чабты.

Конгресстин саламаттык тармагын реформалоого ынануусу Барак Обама үчүн чоң ийгилик. Ал шайлоо өнөктүгү кезинде “саламаттыкты сактоо укук, артыкчылык эмес” деп, Ак Үйгө келсе ар бир жарандын өмүрүн камсыздоочу реформа жүргүзөм деп сөз берген. Конгресстин эки палатасы бекиткен мыйзам миллиондогон америкалыктарга өмүрүн камсыздоого, демек дарыланууга жол ачат.

Эсептөөлөргө караганда, долбоордун жалпы баасы 1 триллион доллар болот. Бул суммага базар баасында менчик компаниялар аркалуу өмүрүн камсыздай албаган жарандарга берилчү көмөк пулдун көлөмү жана өз жумушчу кызматчыларынын өмүрүн камсыздаган чакан фирмаларга салыктан жеңилдик берүүдөн казына тарткан чыгымдар кирет.

Өмүрүн камсыздайм деп жакырлануу-илдет

Жаңы мыйзамдын маанисин АКШнын Дрексел университетинин профессору Роберт Фильд мындай деп түшүндүрөт:

-Финалдык мыйзам Кошмо Штаттар үчүн чоң окуя болот. Өлкө тарыхында биринчи ирет өмүрүн камсыздоону каалаган ар бир америкалык аны жасоого мүмкүндүк алат. Биздин саламаттык сактоо системабыздын эң чоң кемчилиги- 10 миллиондогон адамдардын өмүрүн камсыздай албаганы. Аларда өмүрүн камсыздагандай мүмкүнчүлүктөрү жок же колунан келбейт.

Саламаттык сактоо системасын реформалоону колдоочулар Капитол Хиллдин жанында шам кармап турушат. Вашингтон. 8-декабрь 2009
Өнөр жайы өнүккөн Батыш өлкөлөрү эбактан бери өз букараларынын өмүрүн өзү камсыздайт. Ал эми миңдеген америкалыктар жанын камсыздайм, дарыланам дешип там-жайын сатып жакыр калса, башкалары дарылана албай эрте көз жумууга мажбур (Роберт Фильдтин сөзүнчө, учурда 50 жана андан аз адам иштеген чакан ишкана-мекемелер өз жумушчу-кызматчыларын камсыздабайт жана өмүрү такыр эле камсыздалбаган америкалыктардын саны 45 миллиондон кем болбойт. Ал эми 200 же андан көп адамдуу фирмаларда эмгектенгендердин 98 процентке жакынынын өмүрү ишкана тарабынан камсыздалган.) Андан, профессор Фильдтин айтышынча, өлкө да чоң чыгаша тартат:

-Тийиштүү медициналык жардам алалбай көптөгөн адамдар жакырланууда. Саламаттык системасынын айынан ач-жылаңача калуу Кошмо Штаттардагы жакырлангануунун эң чоң илдети. Эсептөөлөр боюнча, жылына өмүрүн камсыздай албай он миңдеген адамдар өлөт.


Непада, келерки айда Конгресстин эки палатасы мунасага келип, мыйзам кабыл алынса, Обама АКШнын саламтаттык сактоо системасын реформалайм деген сөзүнүн өтөсүнө чыккан биринчи президент болот.

Реформанын каршылары дале тына элек

Профессор Фильдтин түшүндүрүшүнчө, америкалыктар өмүр жана өлүмдү өтө эмоционалдуу кабыл алышып, саламаттыгы жөнүндө кам көрүү- ар бир адамдын жеке иши деп эсептешет. Анүчүн маселе мамлекеттик деңгээлде талкууланса эле, учур көрсөткөндөй, улут
Президент Обаманын саламаттыкты сактоо системасына каршылардын демонстрациясы.Рестон шаары. Виргиния штаты. 25-август 2009
эки жаатка бөлүнөт. Каршылашуу Обама жайында реформаны баштаганда эле ачыкка чыгып, өкмөттүн саламаттыкты сактоодогу ролун күчөтүүгө каршы кубаттуу демонстрациялар өткөн. Атүгүл Демпартия да өмүрүн камсыздоого дарамети жетпеген миллиондогон жарандарга арзаныраак камсыздоону сунуш кылуу идеясын жактырбай четке каккан.

Азыр да сенаттагы республикачылардын ана башы Мич МакКоннел айткандай, реформанын каршылары кол куушура элек:

-Мен президент мырзаны уруш бүтө элек экенине ишендиргим келет. Чын, салгылаштын узагы артта калды. Мен жана коллегаларым бул долбоорду мыйзам болгончо токтотконго аракет кылабыз. Бул Америка элинин эрки. Биз алардын атынан айкашты улантабыз.

Сенатор МакКоннел сыңары эле америкалыктар чыгымынан пайдасы аз дешип, өкмөт башындагы долбоорлорго ишенбөөчүлүк менен мамиле жасашат. Анын себебин профессор Фильд мындайча чечмелейт:

-Биз Кошмо Штаттарда бардык ишти менчик сектор аркылуу жасаганды жакшы көрөбүз. Ошон үчүн чоң өндүрүштү реформалоого келгенде, бул ишти өкмөт түз бүткөрсүн дегендин ордуна менчик секторго берүүгө, атаандаштык түзүүгө аракет кылабыз.

Профессор Роберт Фильдтин сөзүнчө, Барак Обама сунуш кылган долбоорду төрт тарабы тегиз, мыкты деп болбойт. Бирок ал пенсионерлердин арзан жана бекер дарылануусуна жол ачкан тарыхый мыйзамдай баа жеткис мааниге ээ. Элдин колу жука катмарына жакшы дарылануусуга мүмкүндүк берген береги мыйзам 1965-жылы кабыл алынган.

XS
SM
MD
LG