Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:06

Оштук ыңкылапчылар генерал И. Исаков үчүн арачы түшүп жатышат


Бул туурасында 2005-жылдагы март ыңкылабынын Өзгөн районундагы жетекчиси Абдыкаар Абдырахманов “Азаттыкка” билдирди. Ош облусунун жүздөн ашык тургуну кол койгон кайрылууда “Генерал Исаков 2005-жылдагы март ыңкылабына активдүү катышып, Сиздин бийликке келишиңизге, андан кийин Коргоо министрлигин жетектеп турганда кыргыз армиясын бутуна тургузууга салмактуу салым кошкон. Тилекке каршы, мындай чыныгы адисти өлкөнүн кызыкчылыгына иштетүүнүн ордуна куугунтуктап, соттотуу аракети оштуктардын кыжырын кайнатууда. Андыктан, Курманбек Салиевич, Баш мыйзамдын кепили катары Сизден Исмаил Исаковду куру жалаадан арачылап калууну суранабыз?” деп айтылат.

Мындан мурда Исмаил Исаковду колдогон аксакалдар тобу Бишкекке келип, Курманбек Бакиевдин кабыл алуусунун өтүнгөн эле, бирок аракет оңунан чыккан эмес. Акыркы маалыматка караганда, Президенттин аппарат жетекчиси Каныбек Жороев арачылардын катын өлкө башчысына тапшырган.

Бириккен Элдик Кыймылдын мүчөсү Исмаил Исаковго байланышкан соттук териштирүү ушул жылдын март айында башталган. Мурдагы коргоо министри кызматынан кыянат пайдаланып, аскердик техникаларды мыйзамсыз саткан, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдаланган деп айыпталууда. Мамлекеттик айыптоочу сотто Исмаил Исаковду аскердик чининен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоону, ошондой эле генералды сегиз жыл эркинен ажыратуууну суранган эле. (ATo)

XS
SM
MD
LG