Биримдиктин каржы мекемелеринин башчыларынын мындай мазмуундагы чакырыгы кытай өкмөт башчысы Вэнь Цзябаого багышталды. Чакырык Кытай менен Евробиримдиктин бүгүн ачылып жаткан саммити алдында жасалды. Еврокомиссиянын президенти Жозе Мануэль Барросонунун айтымында, Кытайдын улуттук акчасы – юандын курсу кандайдыр бир деңгээлде америкалык долларга байлангандыктан, ал Европанын экономикасы үчүн көйгөй жаратып жатат. Акыркы айларда америкалык доллардын еврого карата курсу төмөндөгөндүктөн, кытай акчасынын да курсу арзандады жана мындай жагдай эл аралык баздарда кытайлык өндүрүшчүлөргө артыкчылык берүүдө.