Беш адамдан турган комиссия өлкөнү Ирак согушуна тартылууга кириптер кылган жагдайлар боюнча мурдагы чиновниктер менен өкмөт өкүлдөрүнүн көрсөтмөсүн угат. Комиссия алдында мурдагы премьер - министр Тони Блэр да көрсөтмө берери күтүлүүдө. Блэр Ирактын мурдагы диктатору Саддам Хусеинди кулатуу үчүн 45 миң британ аскерин жөнөткөн. Британиянын ал согушка катышуусу калктын терең нааразылыгын жараткан.