Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:41

Казакстан Ооганстанга буудай экспорттойт


Бул тууралуу кечээ Ооганстан боюнча сапардан кайтып келген казак тышкы иштер министри Канат Саудабаев билдирди. Анын айтымында, Казакстан Ооганстанга буудай экспорттогондон тышкарын, Ооганстандын түрдүү адистерин окутуп, машыктырып берет жана жылына 200дөй ооган студентин кабыл алмакчы. Бул максатта Казакстан алдыдагы беш жылда 50 миллион доллар сарптайт. Казак ооган алакаларын талкуулоо үчүн министр Саудабаев Кабулда ооган президенти Хамид Карзай менен жолуккан. Ошондой эле Кабулда президент Назарбаевдин “Казакстандын жолу” китебинин фарси тилиндеги бет ачаары өткөрүлдү.

XS
SM
MD
LG