"Ак Жол" партиясынын облустук жыйынында мамлекеттин башкаруу түзүмүн жаңылоо багыты боюнча Нарын облустук акимчиликтин аппарат жетекчисинин орун басары Жыпара Жээналиева баяндама жасады. Ал өз сөзүндө "Ак Жол" партиясы Кыргызстандын келечеги үчүн иштей тургандыгын далилдеди деп белгиледи. Ал эми делегат Анарбек Мааданбеков реформалар айылга жетпегендигин сынга алды. Маселен элетте мугалим балдарды окутуп, тарбиялабай эле текшерүүчү органдардын ур-токмогуна айланган. Партиянын облустук бөлүмүнүн катчысы Эмил Чымылдаковдун айтымында, учурда облуста "Ак Жолдун" 5800 мүчөсү бар. Бирок өткөн 10 айда партия мүчөлөрүнөн 5,5 пайыз гана мүчөлүк акы чогулган жана партиянын "Ак Жол" гезитине облустан 2000 гезитке жазылуу тапшырмасы коюлса, болгону 240 адам жазылган экен. Жыйында бир катар делегаттар электр наркынын кымбатташына нааразы пикирлерди билдиришти. (KUs).