Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:35

Петровка окуясы боюнча сот 10-ноябрда уланат


“Жашылдар” партиясынын камактагы лидери Эркин Бөлөкбаевдин коомдук коргоочусу Наргиза Абдылдаеванын “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн сотто милиция кызматкери Назаров мурунку көрсөтмөсүнөн баш тартып, Эркин Бөлөкбаев, Сапар Аргынбаев жана Уран Рыскуловду апрель айындагы баш-аламандыкка тиешеси бар деген көрсөтмө берди.

Адвокттар жана айыпталып жаткандар милиция кызматкери мындай көрсөтмөнү сыртта турган УКМКнын райондук бөлүмүнүн башчысынын кысымы астында берип жатканын билдирип, Назаровго каршы суроолорду берип, анын натыйжасында сот залында ызы-чуу чыккан. Айыпталуучу Сапар Аргынбаев Назаровдун сот процесси учурунда залда олтурганын айтып, анын күбө катары сот залында отурууга укугу жоктугун эскерткен. Мындан кийин судья айыпталуучу Сапар Аргынбаевди сот залынан чыгаруу чечимин чыгарган.

Тыныгуудан кийин бул чырга байланыштуу Эркин Бөлөкбаевди да сот залынан чыгаруу чечими чыгарылган. Бөлөкбаев менен кошо сот залынан анын коомдук коргоочулары да чыгып кетип, соттук териштирүүгө анын адвокаттары катышты. (AzK)

XS
SM
MD
LG