Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:56

“Аян” Тегерандагы кинофестивалда көрсөтүлөт


2009-жылдын ноябрь айында Тегеранда өтүүчү эл аралык кинофестивалда Садык Шернияздын “Аян” фильми көрсөтүлөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Айтышфильм" студиясынан кабарлашты. Кыска метраждуу бул тасма сынакка катышуу үчүн миңдеген тасмалардын ичинен тандалып алынган. “Аянда” жаш эстрада ырчысы (Сьездбек Искеналиев ойнойт) кызыктай абалга туш болуп, аны белгисиз күчтөр манасчынын жолуна тушүп, "Манас" айтууга чакырат. Бирок эстраданын даамын татып, элге таанылып калган жигит, манасчылык менен эстраданы тандоо тагдырына тушугат. Тасмада Элмирбек Иманалиевдин жана Саякбай Каралаевдин "Манас" айткандарынан үзүндү кетирилген.

Жыл сайын өтүүчү бул кинофестиваль дүйнөдөгү кинорежиссерлордун эң мыкты делген эмгектерин тандап алган, беделдүү кино окуясы катары эсептелет. “Айтышфильм” студиясы буга чейин да Темир Бирназаровдун “Парз”, Акжол Бекболотовдун “Бизде баары жакшы” тасмалары менен ушул кинофестивальга катышып, атайын сыйлыктарга татып кайткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG