Жогорку Кеңештин Социал-демократтар фракциясынын жыйынында өлкөдөгү диний кырдаалды талкуулап жатып депутат Роза Отунбаева акыркы кездерде мечит-медреселердин мамлекеттин кийлигишүүсүз курулуп жаткандыгына токтолду. Анын айтымында, акыркы кездерде динге берилгендердин санын аялдар менен жаш балдар толуктап жатат. "Казакстанда мындай курулуштарга мамлекеттик кызматкерлер сөзсүз түрдө өз айлыгынын бир бөлүгүн берет. Мечиттер кедей-кембагалдардын жана маселесин чече албаган адамдардын жайы болбошу керек”, - деди Р.Отунбаева.
Кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Каныбек Осмоналиевдин маалыматы боюнча, Кыргызстанда отуздан кыркка чейинки багыттагы 2126 диний уюм катталган. Диний 52 медресе, 8 институт, 1 университет иштөөдө. Учурда «Диний билим берүү жөнүндө» мыйзамдын долбоору даярдалып, парламенттин кароосуна киргизүү алдында турат.(КЕ)