Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:32

Жүрөк оорулар боюнча Кыргызстан биринчи орунда


Кыргызстанда жүрөк оорусу менен бир күндө элүү, жылына 20 миңге жакын адам каза болот. Мындай маалыматты парламенттин бүгүнкү жыйынында саламаттыкты сактоо министри Марат Мамбетов депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып билдирди. Министрдин аайтымында, жүрөк оорусу менен көз жумгандар 1991-жылы 100 миң кишиге 265 учур туура келсе, 2006-жылы бул көрсөткүч 34 пайызга көбөйгөн. “Акыркы үч жылда өсүү байкалган жок”, - деди М.Мамбетов. Депутат Динара Молдошева жүрөк оорулары боюнча Кыргызстан Евразияда биринчи орунда турарын белгилеп, бул маселени депутаттар иликтеп чыгышы керек деген сунуш киргизди. Аэми депутат Исхак Масалиев жүрөк ооруга чалдыгып жана каза тапкандардын санынын көбөйүшү медицина тармагындагы системанан начардыгын билдирет деген пикирин айтты. (КЕ)

XS
SM
MD
LG