Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:18

Кыргызстандык качкын күч менен мекенине кайтарылат


“Мемориал” укуктук борбордун маалыматына караганда, адамдардын укугун коргоо уюмдары БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссарлыгына, Казакстандын башкы прокуратурасына Казак Республикасынан баш паанек сураган Кыргызстандык Абдулраслул Мамарахимовду күч менен мекенине кайтарбоо боюнча шашылыш чара көрүүгө чакырды. Маалыматка караганда, 14-октябрда Казакстандын Тараз шаарында убактылуу кармоочу жайда камакта отурган А.Мамарахимовду анын баш паанек сураганына карабай Кыргызстанга кайтарылары мүмкүн экендигин укук коргоо органдарынын өкүлдөрү билдирген. Ош облусунун Ноокат районунун тургуну Абдулраслул Мамарахимовго 2008-жылы 21-январда Кыргызстандын укук коргоо органдары тарабынан издөө жарыяланган. Ага уюшулган топ менен улут аралык же диний каршылашууну коозуткан деген айып тагылган. А.Мамарахимов 7-октябрда Орусиянын укук коргоо органдары тарабынан Куйбышев шаарында камалып, Орусиянын соту аны мекенине өткөрүп берүү тууралуу чечимин чыгарган. (AJ)

XS
SM
MD
LG