Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

Эки укук коргоочу Европадан баш паанек сурашууда


БЭКтин саясий бюросунун мүчөсү Жолдош Орозов Европа өлкөлөрүнүн биринде убактылуу баш паанек сурап жүргөнүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, анын саясий ишмердүүлүгүнө байланыштуу улуттук коопсуздук комитети суракка алып, каржы полициясы текшерип, кылмыш тобу коркутууга өткөнүнөн улам Европага чыгып кетүүгө мажбур болгон. Ал ошондой эле “Эр айдоочу” уюмунун жетекчиси Качкын Булатов дагы аны укук коргоо органдары Балыкчы окуясына байланыштуу камакка алышы мүмкүндүгүнөн чочулап Европадан саясий баш паанек суроого мажбур болгонун айтты. Жолдош Орозов менен Качкын Булатов Варшавадагы адам укуктарына байланыштуу эл аралык конференцияга барып Европада калып калышкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG