“Кыргызгаздын” жетекчиси Саламат Айтикеев кечээ Ташкент менен газ боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн барды. Ал бул жолу өлкөнүн түштүгүнө газды жандыруу жана түндүгүнө киргизилген чектөөлөрдү жоюу маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Бул тууралуу “Кыргызгаздын” маалымат кызматы кабарлады. Учурда Кыргызстан Өзбекстанга газ үчүн 19 миллион доллар карызынын 4,6 миллион долларынан кутулду. Малыматка караганда, 12-октябрда Ош шаарынын көп кабаттуу үйлөрүндө аз-аздан газ бериле баштады. Өзбекстандан келерки жылга газ алуу маселеси боюнча сүйлөшүүлөр ноябрь айында жүргүзүлмөкчү. (AJ)