Кыргызстан Өзбекстандан жаратылыш газын 48 млн. долларга алып, кайра аларга 19 млн. доллар карыз болгон. Анын ичинен 13 млн. доллары жоготуулар, табылбай турган акча, каякка кеткени белгисиз. Газ маселеси боюнча күнөө бизде дагы бар, деп биринчи вице-премьер-министр Өмүрбек Бабанов парламент отурумунда билдирди. Ал учурда кыргыз тарап өзбекстандыктар менен газдын баасын төмөндөтүүгө аракет жасап, газдын кубун 200 доллардан кылууга сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын белгиледи.
Айрым депутаттар Ош шаарында эки күндөн бери газдын өчүрүлгөн себебин сурашты. Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри И.Давыдов учурда бул маселе боюнча “Кыргызгаз” ишканасынын жетекчиси Саламат Айтикеев Өзбекстанга сүйлөшүүгө кеткенин билдирди.
Маалыматтарга караганда, Ош шаарынын мэри Мелисбек Мырзакматов шаар тургундарына кайрылып газга карыздарын тез арада төлөө маселесин койду. Ош шаарынын газга карызы 2 млн. долларды түзөт. (AJ)