Эл аралык «Every child» уюмунун түштүк аймагы боюнча координатору Айнура Текенованын «Азаттыкка» маалымдашынча, Борбор Азиядагы эң ири соода борборунда Өзбекстандын жана Кыргызстандын алыскы райондорунан келген 1200-2000 чакты бала оор жумуштарды жалданып иштейт. Базардагылардын өздөрүнүн эсебинде бул жердеги өспүрүмдөрдүн саны мындан алда канча көп. Бирок Кара-Суу районунун акиминин орун басары Жамила Баетова дүйнөлүк уюмдун маалыматын четке кагып, мектепке барбай базарда иштеген балдардын саны кескин кыскаргандыгын, андайлардын саны акыркы учурда он-он бештен ашпай тургандыгын билдирди. (ATo)