Бүгүн облбийлик алдында мамлекеттик тилдин 20 жылдыгы Барпы театрынын артисттери менен эки жүздөй студент, окуучулар катышкан « Менин тилим – ыйык дилим» аттуу оюн-зоок менен өттү. Майрамга келген бир жарым миңдей адамды губернатор Кошбай Масиров куттуктады. «Мыкты айыл өкмөт», «мыкты мырза», «мыкты айым» сынактарынын жеңүүчүлөрүнө үч миң сомго дейре сыйлыктар тапшырылды.
Эксперттердин баасында, улуттук тил кош тилдүүлүктүн көлөкөсүндө калып, иш-кагаздар эмес, көрнөк-жарнактар, мекемелердин аттары кыргызчага толук өтө элек. “Башка улуттун бир өкүлү болсо да, ал мамлекеттик тилди түшүнөөрүнө, 80-90 пайыз түпкү улуттагылар катышканына карабай, жыйын – кеңешме орусча болот. Бийлик башчылары чет өлкөлүктөрдү улуттук тилде кабыл алганда гана, мамлекеттик тилдин баркы-баасы өсүүсү ыктымал”, - дешет байкоочулар. (YA)