Өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев 4-5-сентябрь күндөрү Нарын облусунун дээрлик баардык райондорун кыдырды. Иш сапарынын жүрүшүндө министрликтин аймактагы бөлүм башчылары менен жолукту. Облустагы чукул кырдаалдардын алдын алуу боюнча жасалып жаткан иштер тууралуу маалымат алды. Ак-Талаа районундагы Ак-Тал дарыясын тазалоо иштери менен таанышты. Аталган министрликтин билдиришинче, райондогу Байгөнчөк жана Терек-Сай айылдарында кийинки жылы суу тосмо курулат. Ат-Башыда селди тосчу канал салынат. К. Ташиев бул жумада сапарын Нарындын Жумгал районунда жана Жалал-Абаттын Тогуз-Торосунда уламакчы. (EBM)