Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:02

Нарын облустук телекөрсөтүүлөрү убактылуу токтоду


Ар жуманын шейшемби жана ишемби күндөрү көгүлтүр экрандан облус аймагына маалымат таркатып келген Нарын облустук теле көрсөтүүсү ушул аптадан тарта эфирден чыкпай калды. “Мындай жагдайга Улуттук телерадио компаниясы Нарын телеси үчүн убакыттык орун берүүгө бөгөт койгонго байланыштуу болду. Биз релейкага карыз эмес, тескерисинче 60 миң сом аласа болчубуз”,- деген Нарын облустук телерадио компаниясынын жетекчиси Бейшенбек Калыков кечээ теле-радио релейкалык магистралдык уктуруу боюнча республикалык өндүрүштүк бирикмесинен (РПО-РРМТР) Нарын телекөрсөтүүсүн токтотуу тууралуу кат келгендигин кошумчалады. Ал эми УТРК жетекчиси Мелис Эшимканов өлкөдөгү облустук телекөрсөтүүлөр үчүн убакытты УТРК бербестигин телефон аркылуу жооп кылды. ((KUs).

XS
SM
MD
LG