Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:58

К.Исабеков: Кыргызстанда саясий тобокелчилик жок


Бул тууралуу кечээ Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков Сигни Шнайдер баштаган «Export Development Canada» канадалык камсыздоо компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушууда билдирди. Бул компания “Центерра Голд Инк” компаниясына саясий тобокелчилик боюнча камсыздоо ишин жүргүзөт. Шнайдердин билдиргенине караганда делегация бүгүн “Кумтөр” ишканасынын ишмердүүлүгү менен таанышканы барат. Исабеков өз кезегинде ушундай эле сапар менен ишканага күзүндө парламент депутаттары да барарын билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы кабарлады.
Жогорку Кеңеш 30-апрелде "Кумтөр" долбоорунун жаңы шарттары боюнча кыргыз өкмөтү менен «Кыргызалтын», «Центерра Голд Инк.», «Кумтор Оперейтинг Компани», «Кумтор Голд Компани» жана «Камеко» ишканаларынын 2009-жылдын 24 апрелинде түзүлгөн жаңы макулдашуусун ратификациялаган. Макулдашууда Кыргызстандын үлүшү 15,6 пайыздан 33 пайызга көтөрүлөрү, ишкана чыгарган продукциянын 18 пайызы жергиликтүү бюджетке берилери көрсөтүлгөн. (BuS)

XS
SM
MD
LG