Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:45

29-июлда кармалгандардын үчөө бошоду


Бүгүн Чүй облусттук соту 29-июлда оппозициянын каршылык акциясында камалып алты күнгө кесилген үч адамды бошотту. Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоочу Төлөкан Исмаилова билдирди. Оппозиция 29-июлда шайлоо жыйынтыгына нааразыланып жөө жүрүш уюштурган. Милиция акцияга катышкандардын айрымдарын кармап кеткен. Ошол эле күнү сот болуп, 63 кишинин кээ бирлерине акчалай айып салынып, калгандары 5-7-15 күнгө кесилишкен. Укук коргоочулар сот чечими менен макул болбой, жогорку сот бутактарына арыз менен кайрылышкан. (EBM)

XS
SM
MD
LG