Анда Орусия менен стратегиялык кызматташттыкты колдогон коммунисттер жана Батыш менен жакын алаканы жактаган либералдык оппозиция ат салышып жатат. Парламентте жаңы мамлекет башчысына коммунисттер көрсөткөн талапкер эки ирет өтпөй калгандан кийин, кызмат мөөнөтү бүтүп жаткан президент Владимир Воронин парламентти таратып, жаңы шайлоо жарыялаган. 5-апрелдеги парламенттик шайлоодогу бурмалоолорду айыптаган оппозиция президентти шайлоону бойкоттошкон.